13- жана 14-апрелде, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп интернатында жыл сайын өтүүчү “Жаш талант-2019” сынагы кайрадан өтөт. Сынакта баш калаабыздын музыкалык мектептеринин окуучлары катышат.  

Быйыл сынак юбилейлик жылдын - композиторлор уюмунун 80 жылдыгынын алкагында өтөт.  

Конкурстун максаты – шаардык музыкалык мектептердин окуучуларынын арасында таланттуу окуучуларды тандап, алардын классикалык музыка багытында аткаруучулук чеберчилигин өркүндөтүү, ата-мекендик аспаптык музыканы жайылтуу, балдар үчүн аспаптык музыкасын колдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле ата-мекендик композиторлордун репертуарын тандоодо көркөм-эстетикалык табитинин түзүлүшүндө көмөктөшүү. Ошондой эле аталган сынак – аткаруучулук өнөрдөгү жаш мугалимдерди колдоого жана максаттоого арналган.

Сынака катышууну каалагандардын жаш курагы 7 жаштан 12 жашка чейин болушу  талап кылынат. Ошондой эле чыгарманы аткарууда оргиналдуулук эсепке алынат. Мындан тышкары коюлган талаптардын эң негизгиси- кыргыз композиторлорунун 2 мүнөздүү пьесалары кабыл алынат.  

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өтөт:  

- фортепиано;

- классикалык кылдуу аспаптар: скрипка, виолончель;

- классикалык үйлөмө аспаптар: блок-флейта, кларнет, флейта.

Ар бир номинациядагы жеңүүчүлөр I, II, III- даражадагы дипломдор, «Yмүт» -атайын байгеси, катышуучулардын грамотасы  жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнгөн байге фондунун акчалай сыйлыктары   менен сыйланат.

Калыстар тобуна Калый Молдобосанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын профессордук – мугалимдик курамы кирет. Ал эми, сынактын атайын коногу Кыргыз Республикасынын композиторлор уюмунун жетекчиси, Т.Сатылганова атындагы сыйлыктын лауреаты, композитор Т.Чокиев.

Иш-чаранын уюштуруучусу Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы.

Аккредитация: 0700 92 04 60 Зулайка кабыл алат. Ошондой эле сурап билүү телефону: (0312) 59-46-71.

Бишкек – таланттардын сүйүктүү шаары!