Калаа башчысы А.Суракматовдун тапшырмасы менен Биринчи май районунда балдар аянтчасы жана спорт аянтчасы  ачылды.  

Борборубуздун Аскер шаарчасындагы  Патрис Лумумба көчөсүндө жайгашкан  №96-, 102-, 100- жана  104-үйлөрдүн жанында воркаут аянтчасы орнотулду. Бул жердеги тренажерлордо алгачкы машыгууну шаар тургундары, район акими Токтосун Султанов МАБ кызматкерлери менен биргеликте өткөрдү.

Ошондой эле Манас проспекти менен Щербаков көчөсү кесилишкен жерде шаардык бюджеттин эсебинен балдар аянтчасы салынды.

Белгилей кетсек, мэриянын 2019-жылга карата программасын ишке ашыруу максатында №15- муниципалдык аймактык башкармалыктын (МАБ) аймагында Биринчи май акимиаты тарабынан дагы 3 балдар аянтчасы менен 2 универсалдуу спорт аянтчасы курулат.

Бишкек – балдар үчүн сүйүктүү шаарыбыз!