2019-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын мэриясына чогулуш, митинг, жөө жүрүш өткөрүү боюнча 19 (!) маалымдама келип түштү. Мындай иш-чаралар шаар тургундарын, ишкерлерди жана туристерди тынчсыздандырууда.


Ишемби, жекшемби күндөрү сейил бактарда, бульварларда, эски аянт жана Ала-Тоо аянтында шаардыктардын эс алуусун  мэрия чектөөгө аргасыз болуп, митинг өткөн жерлерде коомдук тартипти сактоо иштерин жүргүзүүдө.  Митинг өткөн сайын шаар кызматтары тонналап таштанды, пластик бөтөлкө чыгарат. Акциянын катышуучулары аянттагы брусчатканы талкалап, гүлдөрдү тебелеп, отургучтар менен көчө жарыктарын сындырып,  таштанды салган челектерди көңтөрүп кетишет. Ал эми “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери тротуарлар менен аянтты кайрадан жууп тазалап чыгышат.


Мындай жол менен жасалган митингдер өзүнүн максатына жетпээри деле айкын иш, анткени заманбап мамлекетте баары укуктук жол менен чечилиш керек. Көчөдөгү митингдер коомдогу абалды курчутуп, инвесторлор менен туристерди качырып, үчүнчү күчтөргө провокация жүргүзүүгө шарт түзөт.


Жеке көз карашын жана оюн мындай жол менен билдирүү шаардыктардын тынч жашоосун башаламандыка салып, шаардын өнүгүүсүнө багытталган бюджетти шаардыктардан тартып алууга жатат.


Бишкек шаарынын мэриясы баардык шаардыктарды борбор калабызда митингдерге ЖОК деп айтууга чакырат!


Биз, баардык күчтөр үчүн маңдай-тескей отуруп, маңыздуу баарлашуу үчүн имарат берүүгө даярбыз. Бардык көйгөйлөрдү өнүгүү жолуна түшүү менен, бетме-бет отуруп чечүүгө мезгил келди.



2020-жылы Жогорку Кеңешке шайлоолор башталат. Ушундан улам, биз өлкөнүн баардык прогрессивдүү күчтөрүн коомдук конструктвидүү талкуу жолуна түшүп, программалар жана концепциялардын жолу менен күрөшүүгө чакырабыз.


Биз баардыгыбыз укуктук мамлекет болууга багыт алышыбыз керек! Келечек парламент бийик саясий жана укуктук маданияттын үлгүсү болсун! Ал эми биз, Бишкек шаарыбызга жана Кыргызстаныбызга аяр мамиле кылууга чакырабыз!


Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!