Бүгүн 17-апрелде Биринчи май районунун башчысы Т.Султанов “Мурас-Ордо”, “Калыс-Ордо” конуштарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жашоочулар кайрылган суроолордун арасында  “Мурас-Ордо” жаңы конушундагы мектептин курулушун аяктоо маселеси, конуштагы  гулбакчаны көрктөндүрүү жөнүндө жана “Калыс-Ордо”, “Мурас-Ордо” жаңы конуштарындагы фельдшердик-акушердик пунктарды оңдоо иштерин жүргүзүү  маселелери каралды. 

Аким көтөрүлгөн маселелер боюнча түшүндүрмө берип, аталган конуштарда 2019-жылы жүргүзүлө турган иштер тууралуу маалымдады.