22-апрелде, борбор калаанын мэриясында “Кулушчулар штабы” коомдук бирикмесинин ѳкүлдѳрү шаардагы жаңы конуштардын кѳйгѳйлѳрүн чечүү үчүн жолугушту. Жолугушууда активдүү шаардыктар: "Көлмө", "Ак-Бата", "Ак-Орго", "Ак-Тилек", "Ынтымак", "Ак-Босого", "Келечек", "Калыс-Ордо", "Мурас-Ордо" тургундары, вице-мэрлер жана шаардык кызматтардын башчылары катышты.

Жыйынтыгында, тараптар шаардагы конуштарды ѳнүкүрүү үчүн иштеп жаткан түзүмдүк мекемелер менен иштешүүнү улантаарын макулдашышты.