Ѳткѳн жумада турак жай жана чарба боюнча вице-мэр Рыспек Сарпашов Эркиндик бульварында кѳйгѳйлѳрдү талкуулап, аларды чечүү максатында аксакалалдар менен жолугушту

Жолугушууда тротуарларды жана балдар аянтчалардын жарыктандыруу, жашылдандыруу жана башка маанилүү маселелер көтөрүлүп, алар  жакын арада чечилээри айтылды.

“Бишкекжашылдандыруу” ишканасы жаңы бадал коргон отургузат. Бактарга гирлянда орнотуш үчүн колдонулган темир шакектер  алынат.

Ошондой эле, “Бишкексвет” муницпалдык ишканасынын кызматкерлери чырактарга капиталдык оңдоо жүргүзѳт. Эми биздин бульвар жарык жана көз жоосун алган эс алуучу жайга айланат!

Мындан тышкары, илимпоз жана багбан Алексей Михайлович Фетисовго арналган эстелик тактасын орнотуу иштери тууралуу сѳз болду. Вице-мэрдин тапшырмасы менен аталган такта жакын арада Эркиндик бульварында пайда болот.

Аксакалдардын айтымында негизги кѳйгѳйлѳрдүн бири - балдар аянтчаларын Эркиндик бульварынан алуу маселеси. Алардын ою боюнча, бульварда сейилдеп жүргѳн ашык жаштар кичинекей балдарга жаман үлгү берүүдѳ. Бульвар шаардыктар үчүн жайлуу жана тынч эс алуучу жер болушу керек. Балдар сейил бактарда жана атайын аянтчаларда ойношу керек. Аталган балдар аянчаларды бульвардан кѳчүрүү маселеси ачык калууда, жакында талкууга алып чыгылат.  

Белгилей кетсек, Эркиндик бульварында жайгашкан батуттар жакында алынды. Адардын ордуна “Бишкекжашылдандыруу” ишканасынын кызматкелери чѳп эгип, бактарды отургузушкан.

Маалымкат: Алексей Фетисов – ботаник 1878-жылы Пишпекке Крымдан тагыраак айтканда Севастополдон кѳчүп келген. Пишпекке келээрден мурда Теңир-Тоонун негизги бөлүктөрүн географиялык, ботаникалык, археологиялык жактан кеңири изилдеп, жыйнаган гербарийлеринин коллекцияларын Петербургдагы ботаникалык багына жана башка илимий коомдук мекемелерге, музейлерге жиберип турган.

Ошол учурда ага Санкт-Петербургдун окумуштуулар тобу тарабынан бир нече жумушка чакыруу келген, бирок А. Фетисов Пишпекти жашыландыруу иштерин жасоону тандаган.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!