Түштүк магистралында түнү менен унаа жарыш уюштурган айдоочулар вело жолду талкалашты. Муниципалдык мүлктү бүлүндүрүп, шаардыктардын коопсуздуга залакасын тийгизген мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок.

Түндө, магистралда ылдамдыгы жогору болгондуктан, айдоочу машинесин башкара албай калып, темир коргондорду аңтара, вело жолго кирип кеткен. Талкаланган коргон менен бордюрлардын жалпы суммасы 100 миң сомду түзөт. Буга чейин болгон ушундай эле окуя 150 миң сомдук чыгашага алып келген.  

Мындай көрүнүш күн сайын кайталанып, шаардыктардын өмүрү жана ден-соолугу үчүн кооптуу болуп, мунципалдык мүлктүн талкаланышына алып келүүдө.  

Бишкек шаарынын мэриясы  Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы Башкармалыктан жана борбор калаабыздын ички иштер башкармалыгынан жол эрежесин сактабаган жана коомдук тартипти ОДОНО бузган жарандарга карата чара көрүүнү өтүнөт.