№24- орто мектептин сыйымдуулугун жогорулатууга максатында жасалып жаткан оңдоо иштери аяктап калды.  

Имарттын үстүнө салынган кошумча кабаттын аянты 300 чарчы метрди түзөт.  Куруу иштери бүткөң соң  мектеп төрт жаңы окуучулук класс жана бир нече кошумча бөлмөлөрго ээ болот.    Азыркы тапта жасалгалоо иштери жүрүүдө, толугу менен курулуш иштери май айынын аягында соңуна чыгат.  

Мындан тышкары, жакын арада №19-орто мектепте дагы курулуш иштери башталаары күтүлүүдө. Бул мектепке аянты 1 238 чарчы метрди түзгөн кошумча имарат салынат. Анда бир нече окуучу класс, хореографиялык зал жана чоң китепкана болушу күтүлүүдө. Курулуш иштерин жүргүзүү боюнча тендер жарыяланып, 8-майда жеңүүчү аныкталат.  Ошондой эле, Тунгуч кичи районунда 140 орундуу бала бакча салууга тендер жарыяланды.  

Бишкек – сүйүктүү ыңгайлуу шаарыбыз!