Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Свердлов районунун  мектептерине улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 10 томдон турган китептерин белекке берди.

29-апрель Бишкек шаарынын күнүнө карата Бишкек шаарынын Свердлов районунун "Дордой" конушундагы №94 орто мектебинде улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынын 10 томдон турган китептерин тапшыруу чакан аземи болуп өттү.

Иш-чарага окуучулар, мугалимдер, Свердлов районунун башчысы М.Осмонов, улуу жазучунун  карындашы, педагог, физика жана математика илимдеринин кандидаты Р.Айтматова, БШКнын депутаты Ж.Салымбеков,  коомдук ишмерлер, райондук билим берүү борборун  директору А.Абдылдаева жана райондук мектептердин директорлору катышышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Иш-чаранын алкагында райондогу 11 мектепке Ч.Айтматовдун чыгармаларынын 10 томдон турган китептери тапшырылды.

Келген конокторго концерттик программа көрсөтүлүп, жагымдуу маанай тартууланды.

Бишкек- китеп сүйгөн шаарыбыз