Кеңешменин башында Бишкек шаарынын 141 жылдыгына карата ак ниет, үзүрлүү эмгеги үчүн шаардык, райондук кызматтардын кызматкерлерин жана жергиликтүү маселелерди чечүүдө активдүү жарандык позициясын көрсөткөн жарандар, квартал башчылары, турак жай шериктештик менчиктеринин төрагалары,  район башчысы Т.Султанов ыраазычылыгын билдирилип, муниципалдык администрациянын ардак грамоталары жана алкыш баракчалары менен сыйланды.

Ошондой эле, пландык кеңешмеде, райондун аймагында жашылдандыруу, жарыктандыруу боюнча көйгөйлөр, жаралып жаткан маселелер жана аларды чечүү боюнча сунуштар, Жеңиш күнүнө карата иш- чараларды даярдоо маселелери каралды жана тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.