3-майда  Биринчи май акимиатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомунун алкагында, 2018-жылы жүргүзүлгөн тесттин жыйынтыгы менен муниципалдык администрациясынын кызматкерлерине сертификаттарды тапшыруу аземи өткөрүлдү. Бул иш-чарада район башчысы Токтосун Султанов  сөз сүйлөп, учурда мамлекеттик тилди өнүктүрүү мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп, мындан ары да тилди билүү деңгээлин жогорулатуу үчүн мекемеде бардык аракеттер жүргүзүлөрүн билдирди.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо системасынын түптөөчүсү, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева куттуктады.

Муниципалдык администрациясынын бардыгы 16 кызматкерге сертификаттар тапшырылды.