«Бишкексвет» муниципалдык ишканасы көчөлөрдү жарыктандырууну модернизациялайт.

Учурда, Гагарин жана Лущихин көчөсүнө чейинки К. Маликов, И. Репин, Тойгомбаев, Каховский, Крылов, Осмонов, Адышев көчөлөрүнө жарык системасы оңдолду.  Бул көчөлөрдө  10 жылдан ашык убакыттан бери көчө жарыктары иштебей жана каралбай келген.   Азыр  2800 метр  өзүнчө обочолонгон зымдар   (СИП) тарттырылып, 190 даана жаңы диоддук чырактар орнотулду.

Белгилей кетсек, борбор калаабызда көчө жарыктары 773 көчөгө, анын ичинде магистраль,  сейил бактарында, аллеяларда жана 17 кичи райондордо орнтулган.   Тартылган линиялардын узундугу (асман менен алган, жер менен өткөргөн линияларды эсептегенде )  2875,6 км түзөт. Анын ичинен 2070,3 км иштейт,  СИП 172,9 км түзөт. Көчө жарыктары 384 панелдин жардамы менен ишке киргизилет.  

Көчө жарыктарын жандырып-өчүрүү бекитилген графиктин жардамы менен жүргүзүлүп турат.  Күн жарыгынын өзгөрүүсүнө карата, беш күндүк декада менен жылып турат. Мисалы, графикке жараша апрель айынын экинчи жарымында шаардагы көчө жарыктар кечки саат 19:58да күйгүзүлүп, таңкы саат 5:48де өчүрүлөт.

Мындан тышкары,  «Бишкексвет» ишканасы  шаардыктардан түшкөн кайрылуулардын негизинде оңдоо иштерин жүргүзөт.   Авариялык-диспетчердик пункт 24 саат бою иштейт. Урматтуу шаардыктар, көчөлөрдү жарыктандыруу маселеси боюнча  төмөнкү номерлер боюнча кайрылсаңыздар болот:   (0312) 43-30-89, 57-63-51 –  "Бишкексвет" ишканасынын диспетчердик кызмтаы, ошондой эле кайрылуулар  үчүн  WhatsApp  номер:0777 902-115.

Үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталында комплекстүү –өндүрүштүк программанын алкагында шаар көчөлөрүндөгү  жарыктар 3 миң  даана диоддук жарыктарга алмаштырылат.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана меймандарын муниципалдык мүлккө аяр мамиле жасоону  өтүнөт.  Ошондой эле,   «Бишкексвет» ишканасынын кызматкерлеринин жумушун түшүнүү менен кабыл алып, күндүзү күйүп турган чырактар -  жарыктүйүндөрүн  текшерүү максатында жүргүзүлүп турганын  маалымдайт.

Бишкек – сүйүктүү жарык шаарым!