Борбор калаада Жумабек көчөсүндө ( Ж.Турусбеков көчөсүнөн К.Акиев көчөсүнө чейники бөлүгүндө) уруксатсыз курулуш иштерин жүргүзүп жаткан курулуш компаниясы аныкталды.

“Фирма Бата”  компаниясынын кызматкерлери тарабынан  салынып жаткан үйлөргө газ түтүктөрүн орнотуу боюнча курулуш иштери жүрүп жаткан.  Ошол эле маалда "Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы тарабынанан бул көчөдө асфальт төшөө иштери жүрүп жаткандыгына карабастан, аталган компания муниципалдык ишканынын курулуш иштерине тоскоолдук жаратып, үзгүлтүккө учураткан.

Санитардык-экологиялык инспекциянын текшерүү жүргүзүп, анын натыйжасында тартип бузуулар боюнча Кодекстин 119 беренесине ылайык,  компанияныны жетекчилигине карата протокол түзүлүп, 23 миң сом өлчөмүндө айып пул жазылды. Эми, мыйзамды бузган компания талкаланган жолду технология боюнча калыбына келтирип,   "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын курулуш иштерине тоскоолдук жаратпайт.

Бишкек – сүйүктүү жайлуу шаарыбыз!