2019-жылдын 22-майында Биринчи май административдик районун башчысы Т.Султанов райондун тургундары менен кезектеги кабыл алуусун  МАБдардын башчылары катышуусу менен өткөрдү.  

Жарандарды кабыл алууда негизги маселелер бул - турак-жай бөлүп берүү, газ киргизүү, жер  маселелери, инфраструктураны жакшыртуу жана башка көйгөйлөр көтөрүлүп, жыйынтыгы боюнча муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилди.

Район башчысынын жарандарды кабыл алуу күнү ар жума сайын шаршемби күнү саат 14:00до жүргүзүлөт. Жарандар райондун башчысынын кабыл алуусуна, жазылуу үчүн 32-52-85 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.