“Бишкекжашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын адистери, тагыраак айтканда “Молодежный” сейил багынын кызматкерлери шаардыктар үчүн “гавайи” аралчасын жасашты.  

Сейил бактын реконструкцияланбаган жагында камыштан жасалган 3 метр бийиктиктеги эс алуучу үйлөр пайда болуп, алардын ортосуна жыгачтан жасалган ичке жолдор салынды.  

Жыгач дөңгөлөктөрдөн жасалган ичке жол көк түскө боелгон майда таштар менен кооздолду. Мындай ыкма менен төгулөн таштар гавайи аралдарындагы океанды элестетип турат.  Мындан тышкары, камыш үйлөргө кирүү үчүн жыгачтан жасалган кичинекей көпүрөдөн өтүш керек. Камыш үйлөрдүн чатыры үчүн ушул эле сейил бактагы камыштар пайдаланган. Сейил бактагы кооздуктардын баардыгы колго жасалган.  

Ошондой эле, ишкананын  жыгач кампасынын кызматкерлери отургучтарды жасашты.

Белгилей кетсек, сейил бактагы гавай” аралчасын жасоо үчүн “Бишкекжашылдандыруу” ишканасы бир сом короткон жок.

Бардык жумуштар “Бишкекжашылдандыруу” ишканасынын “Молодежный” сейил багын тейлеген кызматкерлери  тарабынын бир ай ичинде аткарылды. Алардын ичинен экөө мурда куруучу болуп иштеп келген.

Бардык процесстин идеясын “Бишкекжашылдандыруу” ишканасынын кызматкери  Зарина Чыныбаева иштеп чыгып,  ишкананын жетекчиси  Эльнура Жолдошева жана вице –мэр Рыспек Сарпашовдун колдоосуна ээ болгон.   Келечекте бул жерге балдар аянтчасын орнотууу пландаштырылууда.

Бишкек – сүйүктүү жашыл шаарым!