Үстүбүздөгү жылы Бишкек шаарынын 12 жаңы конушу электр подстанциялары менен камсыздалат.  

Бул жумуштарга шаардык бюджеттен 60 миллион сом каралган.

Туруктуу электр жарыгы «Ак-Босого», «Калыс-Ордо», «Ак-Өргө», «Ак-Ордо», «Ак-Бата», «Эне-Сай», «Дордой», «Ак-Тилек», «Каинды», «Рухий-Мурас», «Мурас-Ордо» жана «Учкун» жаңы конуштарына берилет.

жалпы жонунанан бул иштерге 35 трансформатордык станция орнотулуп, отуз беш миң метр электр зымдары тартылганы турат. Бардык объектилер боюнча документтер даярдалып, тендерлер жарыяланды.    

Учурда «Калыс-Ордо», «Рухий-Мурас», «Учкун» жана «Кайнды» жаңы конуштарында зым тартуу иштери жүрүүдө. Ошондой эле «Мурас-Ордо» жаңы конушунда трансформатордук подстанция курулуп, сегиз километрден ашык жогорку чыңылуудагы зымдар тартылат.

Бишкек – сүйуктүу жайлуу шаарыбыз!