“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан шаарга кире беришинде “Аска Таш” комплексин көркөмдөө иштерин аяктады.  

Кызматкерлер улуттук стилдеги декорацияларды жана көлөмдүу тамгаларды өз колу менен жасап чыгышты.  Эми «Бишкек» жазуусу көрктүү жана көлөмдүу болуп көрүнөт. Анын бийиктиги 2.50 метр, туурасы  0.50 метрге барабар. Буга чейинки вариантында тамгалардын бийиктиги 1.50 метр жана туурасы 0.30 метрди түзгөн. Баардык элементтер түн ичинде диоддук жарык берүүчү лентлар жана прожекторлор менен жарыктандырылып турат.  

Ошондой эле, “Кош келиңиздер” деген жазуусу бар арка толугу менен реставрацияланды. Мындан тышкары шаарга кире бериш жердеги, Жибек Жолу проспекти менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги стела  калыбына келтирилди. Мындан тышкары,  Чынгыз Айтматов проспекти менен  Горький көчөсү кесилишкен жердеги стела улуу жазуучунун чыгармаларынын негизинде реконструкцияланды. Бул иштердин эскизин шаарыбыздын башкы сүрөтчүсү Марат Жороев аткарды.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды жана шаарыбыздын меймандарын  ишкананын кызматкерлеринин эмгегин баалоо менен, шаарыбыздын мүлкүнө аяр мамиле кылууга чакырабыз.

Бишкек – сүйүктүү жайлуу шаарыбыз!