Борбордо “Жолдорду калыбына келтирүү” долбоорунун алкагында жолдорду оңдоо иштери уланууда.  

Алтымышев көчөсүндө (мурд. Ремесленная) асфальт төшөлүп башталды.  Бул иштер Садырбаев жана Бакаев көчөлөрүнү ортосунда жүрүүдө. Аталган көчөдө жол жээгине бордюрлар алмаштырылып, жаңы асфальт төшөлүүдө. Ал эки катмардан туруп, курамына майда таш жана мастика кошулуп, туруктуулугу күчөтүлгөн.

Долбоор боюнча Нуркамал жана Репин атындагы көчөлөрүндө дагы оңдоо иштери жүрүүдө. Ал жакта жолдун алдыңкы катмары тегизделип, даярдалууда. План боюнча оңдоо иштери июнь айынын соңунда бүтөт.  

“Бишкек шаарынын көчөлөрүн жана унаа жолдорун калыбына келтирүу” долбоорунун алкагында жалпы жонунан узундугу 38 км түзгөн 23 участок көчө оңдолууда.  

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!