Ар дүйшөмбүдө калаа башчысы Азиз Суракматов шаардык кызматтардын жетекчилери менен пландуу жыйын өткөрөт. Кеңешменин катышуучулары шаардын жашоосу үчүн маанилүү болгон 3 суроону карап чыгышты. Алар: Бишкек шаарынын инвестициялык-экономикалык паспорту, муниципалдык мүлк башкармалыгынын 2018-жылдагы жана 2019-жылдын 1- кварталындагы ишмердүүлүгу боюнча отчету, ошондой эле, шаарды санитардык тазалоо боюнча маалымат менен таанышып чыгышты.  

Бишкек шаарынын инвестициялык –экономикалык паспортун экономика жана инвестиция боюнча департаменттин жетекчиси Медербек Алиев тааныштырды. Анын айтымында Бишкек шаарына түшкөн 38 пайыз  түз инвестициялар Кытай мамлекетинен келет, 19 пайызы  Орусиядан, башка өлкөлөрдөн түшкөн инвестициялар 21,1% түзөт. Инвестицияларды секторлорго бөлгөндө: 41% иштеп чыгуу өндүрүшүнө таандык, финансы тармагы –19% түзөт. Экономикадагы негизги багыттар болуп: айыл-чарба азыктарын иштеп чыгуу, жеңил өнөр жайы, кызматтар тармагы, туризм, курулуш жана кыймылсыз мүлк саналат.  

Муниципалдык мүлк башкармалыгынын аткарган иши боюнча отчету менен бул башкармалыктын убактылуу жетекчиси Болот Бейшеев тааныштырды. Бүгүнкү күндө 90 жалпы билим берүү жайларына, 58 бала бакчасына жана 64 саламаттык сактоо объектилерине мөөнөтсүз мамлекеттик актылары, башкача айтканда кызыл китеп,  берилди. Мындан ытшкары 109 мектеп жана 84 бала бакча инветаризациядан өткөрүлдү. Сынакка 74 объект коюлуп, 57 объект боюнча ижара келишими узартылды.

Бишкек шаардык санитардык-экологиялык инспекциясынын жетекчиси Керимбай Чойбеков шаарда 3 айдан бери өткөрүлүп келе жаткан санитардык тазалоо иштери менен тааныштырды. 2-марттан 25-майга чейин 9 жолу өткөрүлгөн шаардык ишембиликтерде 1 852 ишкана жана уюмдардан 120 миңден ашуун шаардыктар   катышты. Натыйжада 5 миң 149 түп көчөт отургузулду. Катышуучулардын эң көп саны 16-мартта өткөн ишембиликте катталып, ал күнү 47 миң 519 киши катышты.

Калаа башчысы өзүнүн ишмердүүлүгүн Бишкек шаарынын аймагында алып барган, курамына 25 ири компания кирген шаардык Инвестициялык Кеңеш түзүү сунушун киргизди. Экономика жана инвестиция департаментине компанияларды тактап, алар менен кызматташуу боюнча тапшырмасы берилди. Ошондой эле, мэр муниципалдык мүлк башкармалыгын кыймылсыз мүлктү шаарга каттоо боюнча ишти күчөтүү тапшырмасын берди.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!