Иш-чарага муниципалдык администрация башчысынын орун басары А. Карынбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты А. Куручбеков, Бишкек шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башкы адиси Ж.Абирова, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Г. Акматова, Ленин райондук билим берүү борборунун директору А. Джунусовалар катышышты.

Жайкы эс алуу мезгилинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын ден-соолугун чыңдоо менен бирге толук кандуу эс алдыруу максатында 10 мектептин № 7, 25, 40, 42, 55, 72, 79, 80, 84, 96 базасында 1 170 баланы камтыган мектеп лагерлери уюштурулду.

Мектеп лагерлери 2019-жылдын 3-июнунда өз ишин баштады.

Бардык мектеп жетекчилери мектеп лагерлериндеги эс алган балдардын коопсуздугун сактоо боюнча инструкцияларды алышты.

Эс алуу лагерлеринде балдарга 2 маал тамак берилет.

Балдар үчүн кружоктор, спорттук секциялар, Балдар чыгармачылык борбору жана Жаш техниктер станциясы тарабынан кружоктор уюштурулат. Мектеп алдындагы лагерлер 5 багыт боюнча иш алып барат:

1. Инструктивдик –методикалык иштер(методикалык жардам);

2. Туристик, айлана чөйрөгө саякат(туристик жүрүштөрдү уюштуруу);

3. Жүрүш турушу начар балдар менен иш алып баруу (аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, жүрүш турушу начар балдар);

4. Маданий массалык иштер (сууга сүзүү мезгилинин ачылышы, мектеп алдындагы лагерлердин ачылышы жана жабылышы);

5. Кружоктук иштер (кырг. эстрад. англ. тили, комуз, улуттук оюнчуктар. хореография, дзюдо, самбо,);

Мектеп лагерлери 28-июнда өз ишин аяктайт жана бул күнү концерттик программалар уюштурулуп, лагердин жашоосунда активдүү катышкандар сыйланышат.