Мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр.

«Бишкекреклама» муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп, Бишщкек шаардык кеңешинин учурдагы депутаты, социалдык суроолор боюнча комиссиянын жетекчиси, шаардык кеңештин спикеринин мурдагы орун басары  Сыдыков Эмиль Мурзабекович дайындалды.

КР "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" мыйзамдын 3- беренесине ылайык, ишкананын жетекчилигинне дайындалган соң, ал, Бишкек шаардык кеңешининдеги  депутаттык ордун мөөнөтүнө чейин бошотуп бериши керек.  

Эмил Сыдыков 35 жашта, "бухгалтердик эсеп" боюнча жогорку билими бар. Үй-бүлөлү, 4 баланын атасы.  

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!