“Бишкексууканал» ӨЭБ түнкү саат 00.00 дөн таңкы саат 5:00 ке чейин короодогу жашыл чарбаны сугаруу боюнча уруксат берүү жолун жөнөкөйлөттү.

Эми, жеке сектордо жашаган шаардыктар уруксат алуу үчүн кезекке туруп, убакыт коротпостон почта, терминал жана электрондук капчык аркылуу төлөө жолу менен түну менен сугарууга “Бишкексууканал» ӨЭ Башкармалыгынан уруксат алууга мүмкүнчүлүгү бар.  

Мисал үчүн аянты 1,5 сотка же, 150 м2  жерди сугаруу үчүн 1 айда  – 148,17 сом, ал эми сугаруу сезонунда, май айынан сентябрь айына чейин – 740,83 сомду түзөт.  

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздердин жер тилке аянты боюнча 1,5 соткадан аз болсо, анда ишкананын абоненттик бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот:  

- Свердловрайону – 0 312 59-55-90;

- Октябрь району–0 312 59-51-61;

- Биринчи май району – 0 312 56-60-86;

- Ленин району – 0 312 56-60-12.

Бишкек – таза суусу бар сүйүктүү шаарыбыз!