1-июль Тунгуч кичи районунда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Омурбекова жана борбор калаанын мэри Азиз Суракматовдун катышуусу менен жаңы бала бакчанын пайдубалына капсула салуу аземи болуп өттү. 

“Урматтуу шаардыктар! Бүгүн биз борбор шаарыбыздын тарыхый маанилүү учуруна катышып турабыз. Өнүгүп жаткан “Тунгуч” кичирайонунда жаңы бала бакчанын курулушунун пайдубалын түптөп, капсула орнотуп жатабыз. Өлкөбүздүн жетекчилери бул маселеге жогорку деңгээлде көңүл буруп жаткандыктан жаңы бала бакчаларды куруу иштери өсүү жолуна түштү. Мындан тышкары, мурда мыйзамсыз менчиктештирилип  кеткен бала бакчалардын имараттарын мамлекетке кайра кайтаруу иштери улантылып жатат”,- деди Азиз Суракматов. 

КРдин вице-премьер-министри Алтынай Омурбекова шаардыктарды жаңы бала бакчанын курулушу менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мектеп чейинки билим берүүнүн өнүгүүсүнө жасалган чаралар тууралуу айтып кетти.

Ал эми, аталган кичи районунун тургундарынын атынан аксакал Бактыбек Максүтов ыраазычылыгын билдирди.

Имаратты куруу иштерине 0,74 га аймак бөлүндү.  Жаңы бала бакча Н-формадагы эки кабаттан турат. Жалпы аймагы 1 480 м2. 

Бала бакча музыкалдык жана гимнастикалык сабактар үчүн атайын залдар, медициналык бөлмө, ашкана, кир жуучу жана башка бөлмөлөр менен камсыздалган.

Аталган долбоор мамлекеттик экспертизадан өтүп, бардык керектөөчү документтер бекитилди.  Өткөрүлгөн конкурстун натыйжасында ЖЧК “Аргын Курулу” бөдрөтчү болуп аныкталды.

Жаңы бала бакча курулушуна 70 млн сом бөлүндү, анын ичинде 30 млн сом имараттын курулушу, калганы долбоордук иштерге жана зарыл болгон эмерек жана жабдууларга кетет.


Бишкек - балдар үчүн сүйүктүү шаарыбыз!