Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун бөбөктөрү үчүн жаңы балдар аянтчасы ачылды.
Белгилей кетсек, 2018-жылынын ноябрынан Бишкек шаарынын 9 пилоттук конушунда ЮНИСЕФ жана Эл аралык коомдук фонду менен биргелешкен «Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө» долбоору башталган.  
Аталган долбоордун алкагында,  Ак-Ордо, Ак-Тилек, Ак-Бата, Бакай-Ата, Жеңиш, Калыс-Ордо, Көлмө, Мурас-Ордо, Рухий-Мурас жана Эне-Сай конуштарынын жаштары конуштарга социалдык объектилерди салуу боюнча долбоор жазышып, ал колдоого алынган. Биринчи кезекте, Ак-Ордо конушунун жашоочуларына  балдар үчүн спорттук жана оюн аянтча зарыл экендигин белгилүү болду.

Бишкек – балдар үчүн сүйүктүү шаарыбыз!