«Бакай-Ата» жаңы конушунда (Бакай-Ата көч.,71 Свердлов району) коомдук угуулар максатында атайын зона ачылды.
Бишкек шаарынын мэриясынын атынан акимиаттын аппарат жетекчиси Азамат Джапаров актвидүү тургундарга жана “Эл аралык толеранттуулук” долбооруна ыраазычылыгын билдирди.

Аталган коомдук платформа “Бакай-Ата” жаңы конушунун активдүү айымдары жана тургундарынын демилгеси менен негизделген. Буга чейин, жашоочулардын жолугуп, коомдук жыйындарды өткөрүү үчүн бөлүнгөн жери жок эле.

Белгилей кетсек, 2018-жылынын ноябрынан Бишкек шаарынын 9 пилоттук конушунда ЮНИСЕФ жана Эл аралык коомдук фонду менен биргелешкен «Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө» долбоору башталган.  

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз