Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгы тарабынан тургузулган турак жайлардын келишимдерине карата инвентаризация жүргүзүлүүдө.

Көп кабаттуу турак жайлардын курулушуна берилген келишимдердин жалпы реестрынан  34 жер колдонуучу аныкталды. Алардын ичинен 8 жер тилкеде  10%ын жана тургузулган курулушун бөлүгүн муниципалитетке өткөрүп берүү боюнча милдетенмелери бар. Ошондой эле, 7 жер тилкеде ипотекалык кредиттик программанын шарттарын иштеп чыгуу боюнча милдеттенмелер жүктөлгөн жана 11 жер тилке боюнча 10 жана 13 %дык үлүшүн мэриянын пайдасына берүү боюнча милдеттенмелерин жокко чыгаруу боюнча соттун актылары бар. 3 жер тилкеде ижарачыларга  турак жайдын жалпы аянтчасынын 10%зын жер тилкенин суммасын төлөөгө резервтөө катары милдеттенмелер жүктөлгөндөндүгү тууралуу комиссиянын чечимдери бар, 2 жер тилке боюнча  капиталдык курулуш башкармалыгы менен  өз ара эсептешүү боюнча милдеттенмелер бар. 

«Алпен» ЖЧК жер тилкеси боюнча соттун чечими менен ижара келишимижокко чыгарылган, «Гринвейс» ЖЧК жер тилкесин жаны берүүдө милдеттенмеси жок.

Жыйынтыгында, 34 жер тилкеден  «Бишкекбашкархитектурадан» муниципалдык ишканасынанан курулушка долбоорлоо боюнча берилген уруксат документтери18 жер пайдалануучуда  жалпы аянты 159 349, 51 м чарчы  болсо алардын ичинен мэриянын үлүшү  10 693, 13 метр чарчыны түзөт.

Бүгүнкү күндө, Башкармалык тарабынан «Бишкекбашкыархитектурага», Капиталдык курулуш башкармалыгына долбоорлоо-сметалык документтерин  жылдыруу жана курулуштун стадиясын, жер тилкенин сырткы акыбалын көзөмөлдөөбоюнча  сурамжылоо каттары жөнөтүлгөн. Ошондой эле, жер тилкенин укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтери жер пайдалануучуга катталгандыгы тууралуу, курулуш курууга уруксат алууну каттоо жана объекттин эксплуатацияга киргизилгендиги тууралуу, жер тилкеде курулуш куруу укугун каттоо боюнчамаалымат берүү жөнүндө Мамлекеттик каттоого кат жөнөтүлгөн.

Бишкек –сүйүктүү шаарыбыз!