4-июлда  Бишкек шаарынын вице - мэри Азиз Алымкулов муниципалдык коомдук транспорт унааларын текшерип, оңдолгон эски автобустарды ишкананын балансына өткөрүп алды.
“Бишкек жүргүнчү автотранспорт” ишканасынын базасында 2008-жылы чыгарылган 20 автобус каттамга чыгууга даяр. Алардын ички кыймылдаткычтарды жана ички салондорду оңдолуп, сырттары  боелду. Жалпысынан оңдоо иштерине 350 миң сом каражат сарпталды. Бул жылдын аягына чейин дагы 20 автобустун калыбына келтирүү иштери  пландалууда.
Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын башынан бери Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 17 троллейбус оңдолгон.  Негизи техникалык регламентке ылайык ар бир троллейбус 60миң пробег ѳткѳндѳн кийин калыбына келтирүү иштери өткөрүлөт. Аталган ишканада унааларды оңдоо үчүн атайын адистер жана керектөөчү жабдуулар каралган.
Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!