«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таштандылар чогултуучу контейнерлерди тазалап, дезинфекция иштерин жүргүзүп жатат.

Бүгүнкү күндө Ленин, Свердлов жана Биринчи Май райондорундагы 800дөй контейнерди жууп, тазаладык. Алгач контейнерлер атайын каражаттар менен жуулуп, андан соң алардын ичи хлор менен дезинфекцияланды. Жалпысынан 4000 контейнерди  тазалоо пландалууда.



Буга чейин, кээ бир контейнерлердин ичиндеги таштандыларды өрттө учурлары кездешкендиктен улам, сырткы келбети начарлап калган контейнерледин сырдоо жана оӊдоо иштери жүрүп жатат. 



Урматтуу шаар тургундары жана коноктору! Сиздерден муниципалдык мүлккө аяр мамиле жасап, “Тазалык” ишканасыныны кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону өтүнөбүз.

Бишкек- сүйүктүү таза шаарыбыз!