Борбор калаанын мэри Азиз Суракматов Улуу Британиянын Лондон шаарында өткөрүлүп жаткан “Жашыл шаарлар” атту эл аралык конференцияга катышты.
Иш-чаранын уюштуруучулары  Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы.Пленардык жыйында калаа башчысы “ЕРӨБдүн жашыл шаарлары: аймактардын үнү” аттуу доклад менен сүйлөп чыкты. Ал Бишкек шаарындагы аталган банк менен бирге ишке ашырылып жаткан 7 маанилүү долбоор тууралуу кенен айтып берди. Азиз Суракматов абаны булгаган зыян заттарды азайтуу үчүн мэрия тарабынан газ менен иштеген 60 автобус сатып алгандыгын да кошумчалай кетти. белгилей кетсек, былтыр ЕБӨРдүн колдоосу менен экологияга зыяны жок 52 троллейбус алынган.
Ошондой эле, конференциянын катышуучулары “Ротор” жана “КЭЧ-2” аттуу  көмүр менен иштеген откана табигый газга өткөнүндүгү, ал эми Гагарин атындагы жана “Орто-Сай” отканаларында гелиоколлекторлор орнотулгандыгы тууралуу кабардар болушту. Аталган жабдуулар күн энергиясы менен сууну ысытат. Күн батареяларын орноткондон кийин зыян заттардын абага таралышы 120 тоннага азайды.
Ошондой эле, А. Суракматов ЕРӨБдүн Орусия, Орто Азия жана Монголия боюнча департамент башчысы менен жолугушту.
Бишкек –  сүйүктүү жашыл шаарыбыз!