Бишкек шаардык мэриясына караштуу жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы шаар тургундары тарабынан уруксат кагаздары жок, өз алдынча орнотуп алган объектилерди алуу боюнча иштерин жүргүздү.

Башкармалык тарабынан “Ак-Тилек” конушунун Ак-Шоокум көчөсүндө «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы баштаган жолду оӊдоо иштерине тоскоолдук кылып жаткан, 30 га жакын үйдүн пескоблок, саман кирпичтен салынган жана темирден жасалган коргондору алынды.

Мындан тышкары, “Берекет Гранд” соода борборунун жанындагы темир тосмолор алынып, жалпы жонунан  аянты 647 чарчы метрди түзгөн жер бошотулду.

Ошондой эле,  Д.Асанов атындагы “Жеӊиш” сейил бактагы 5 даана жеӊил түрдөгү объект алынды - анын ичинде кофейня, бал муздак сатуучу жай жана батут болгон.

Көк-Жар кичирайонунда   уруксат кагаздары жок, орнотулган күркөлөр, Садыгалиев жана Волков көчөлөрүнүн кесилишинде 2010-жылдан бери документтери талапка туура келбей иштеп жаткан «Туура-Булак» кафесин демонтаждоо иш аракети менен аянты 625 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

Бул багытта иштер уланууда.