8-июлда мэрияда шаардын бардык түзүмдөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилери менен иш жыйыны өттү.

Күн тартибинде эки негизги маселе каралды. Биринчиси, “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эсксплуатациялык башкармалыгынын 2018-жылдын жана 2019-жылдын алты айынын отчету берилип, ошондой эле эгемендүүлүк күнүнө даярдыктар тууралуу сөз болду.

“Бишкексууканал” башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Дюшембиевдин билдирүүсүндө жыл башынан бери 2,15 км суу түйүндөрү алмаштырылып, 466 аварияга чара көрүлүп, суу түйүндөрүндөгү 55 люк толугу менен орнотулуп, 9 скважина тазаланып, насос жабдыктары оӊдоодон өткөн. Аталган ишкананын 245 229 абонент менен келишими бар экенин билдирди. Жыл башынан бери 3455 суу эсептегичи орнотулган.

Чогулуштун жыйынтыгында биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев калкты каттоо маселесинде аты жок көчөлөргө көӊүл бурууну баса белгиледи.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!