Быйыл борборубузда билим берүү багытындагы 54 объект оӊдолот. Алардын ичинде 37 мектеп, 16 бала бакча жана искусство багытындагы окуу жайлар. Азыркы учурда 39 мекемеде оӊдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жаткан мезгил. Ал эми калгандары жакын арада башталат. Имараттарда муктаждыгына жараша канализация, жылуулук түтүкөрү, чатырлары, коридорлор жана терезелер оӊдолуп жатат. Зарылчылыгы болгон объектилерде сырткы келбети жана көрктөндүрүү иштери дагы каралууда.

Борбор калаабыздын №19-,69- жана 70-  мектеперинде капиталдык ремонт каралган, бул иштер мэриянын жана Кыргызстандагы БУУнун биргеликте түзгөн долбоордун алкагында аткарылууда. Былтыр ушул долбоордун алкагында №27-,41- жана 49 -метептерде тамак жасоочу жайлары жана ашканалары жасалган.

Оӊдоо иштерине шаардык бюджеттен 120 миллион сом бөлүнгөн.

Адаттагыдай эле оӊдоо иштеринде, мектеп имараттарын жайкы каникулда, ал эми бала бакчаларды жылуулук берүүгө чейинки мезгилде жасалат. Мындан тышкары толугу менен капиталдык түрдо оңдоло турган эки бала бакча бар. Алар  убагында Октябрь районунун социалдык фондунун алдында, ал эми экинчиси Кыргызпатенттин карамагында турган  №14- жана «Ласточка» бала бакчалары. Жогоруда белгилеген эки бала бакчакелээрки жылы кичинекей бөбөктөргө тартууланат.