Мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Аппарат жетекчиси   муниципалдык аймактык башкармалыктар акимиаттар тарабынан гана эмес, борбордук аппараттан да көзөмөл болорун жана башкармалык жетекчилери шаар жетекчиси тарабынан бекитилээрин баса белгиледи.

МАБка байланыштуу орчундуу маселелерди айтып жатып, эл менен тыгыз байланыштын жоктугун, санитардык тазалоо менен байланшытуу суроолор, сугат, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү маселелерин чечүүдө ич ара структуралык байланыштын жоктугунан улам, көптөгөң маселелердин жеринене чечилбестен, шаардыктардын нааразычылыгына көнүл бөлүүнү.

Муниципалдык аймактык башкармачылыктардын дарегине шаар тургундарынанан   түшүп жаткан нааразычылыктардын арасынла - кадрлардын деӊгээлитөмөн экендигин, жана кадрлардын алмашуусун терс пикир катары катуу сынга алды.

Ошондой эле, жетекчилер ордунан чечиле турчу суроолорго кайдыгер мамиле жасап, жер бөлүштүрүу маселелерине   кийлигишкен учурларды токтотууну талап кылды.

Маалымат: Бүгүнкү күндө шаарда 22 МАБ иштеп жатат, жана ар биринде 10 адис бекитилген.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!