Бишкеке шаарынын мэриясынын демилгеси менен жана вице-мэр Татьяна Кузнецованын катышуусунда АИС системасынын «Метептерге электрондук жазылуу» долбоору боюнча чоң жыйын өттү.  

Жыйында КР билим берүү министрлигинин, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери, мектеп директорлору жана «Бириккен Улуттар Уюмунунун» балдар фодусунун (ООН, ЮНИСЕФ) өкүлдөрү катышышты.

Жыйын учурунда долбоорду жүзөгө ашыруудагы көйгөйлөр, аларды жоюуу боюнча сунуштар жана  келечектеги пландарды талкууланды.

Аны менен бирге эле,  «Мамлекет келечеги» коомдук фонду тарабынан ишке ашырлып жаткан жана “Жаңы конуштардагы тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөө менен социалдык жана гендердик теңдүүлүктү жайылтуу” долбоорунун компоненти болгон, ошондой эле  Бириккен Улуттар Уюму ООН (ЮНИСЕФ) тарабынан каржыланып жаткан «Балдар үчүн жеткиликтүү мектеп» долбоорунун   жыйынтыгы менен талкууланды.

Бишкек-сүйүктүу шаарыбыз!