“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Тулебердиев оорун басарына жана сырткы жарнама бөлүмүнүн башкы адисине сөгүш берди.

Анын себеби, көчө аталыштарын англис тилинде жазууда кетилирген катачылык болду. Бул терс көрүнүш  Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШОС) кезектеги саммитине даярдануу учурунда болгон.

Бишкекбашкыархитектура жетекчисинин оорун басары Болот Усубалиев катанын күнөөкөрү «Literaltd» котормо компаниясы деп жаңылыштык менен айтып алган. Териштирүүдө «Literaltd» компаниясы котормочулук иштерде тескерисинче салым кошкондугу такталып кечирим суроо менен терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Белгилей кетсек, азыркы учурда “Бишкекбашкыархитектура” борбордун «Дизайн-коду» боюнча иш алпарууда.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!