Октябрь районунун акими Максим Ситников «Автокуруучу» ААК заводунун жетекчиси Олег Велиляев менен жолугушту. Жетекчинин айтуусунда заводдо 2 негизги жана 3 кошумча цехтер иштеп жатат. Ошондой эле 120 киши жумуш оорду менен камсыздалган.

Завод 1966-жылы түптөлүп 1992-жылга чейин мамлекеттик жана союздук маанидеги оор өндүрүш болуп Минавтопром СССР карамагында турган. 1992-жылы менчиктештирүүдөн улам Ачык Акционердик Коом статусун алат. Азыркы учурда: трактор чиркеме арабанын 2 түрү, таштанды ташуучу унаанын 2 түрү, таштанды контейнерлерди, КАЗ 35-19 самосвалын жана темир шаймандар жасалып келет. Кардарлар көбүнчө жергиликтүүлөр жана казак коңшу өлкөсү.

Ошондой эле район жетекчиси «ДСК»  Ачык Акционердик Коомуна барып 5 жыгач цехин иштетип, 42 кишини жумуш менен камзыз кылган ишкер Маалимбек Алибаев менен жолукту. Цех курулуш материалдарынан баштап үй жасалгоолоруна чейин кардарлардын суроо талабына жооп берерин айтты.

Аким башчысы иштеп жаткан жамаатка ыраазычылыгын билдирип, бул аракеттер экономикабызга болгон салым деди.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!