Бишкеке шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчиси Даулет Досалиев 2019-жылдын 5-июл №364 буйрук менен «Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекетик агенттигинин» коллегиялык курамына кирди.

Эске салсак,Д. Досалиев «Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгына» ушул жылдын март айында  конкурстун жеңүүчүсү катары бекитилген.

Маалымат: Д.Досалиев дзюдо боюнча КР. эмгек сиңирген машыктыручу, СССР күрөш, дзюдо, жана самбо боюнча спорт чебери, КР эл агартуунун отличниги ошондой эле дене тарбия жана спорттунмыкты кызматкери, эл аралык категориядагы судья.

Бишкек-спортту сүйгөн сүйүктүү шаарыбыз!