Жыл башынан Бишкек шаарынын жер ресурстар башкармалыгына  6000 ден ашык иш кагаздары катталган.

Документ менен иштөо боюнча шаарыдк кызмат эки багытта иш алып барат: биринчиси «Жалпы бөлүм» ал эми экинчиси, бирдиктүү терезе принцибинде иш алып барган «АИС»   автоматташтырылган маалымат системасы.

Биринчи багытта жарандардан түшкөн доо арыздар менен жогору жакта турган мекемелерден келген тапшырмалары катталган. Ал эми бирдиктүү терезеде  жеке жактар менен юридикалык жактардын 841 арызы катталган. Каттардын көпчүлүгү, үчүнчү тарапка укук берүүдө карызы жоктугуна, жер бөлүштүрүүдө, күрөөгө берүүдө, доосу жоктугуна байланыштуу маселелер кирген.

Иш кагаздарын бирдиктүү система тартибинде кароо - бул күнүмдүк адат жана шарт, ошол эле кезде катталган кат өз мөөнөтүнөн кечикпей каралышы да абзел.

Мамлекеттик жана жараандык коомдо ишкерлердин  аракеттери үзүрлүү  максатын көздөп,  санариптик трансформацияны тездетүү аракетинде “Бишкек шаарынын электрондук мэриясы” концепциясы иштелип чыкты. Аталаган концепция маалыматтын борбордук өзөгү болмокчу. Бул борбор комуникациянын заманбап ыкмаларын колдонуп жаңы платформаларды түзүү менен шаар тургундары ортосунда байланышты бекемдейт. Ошондой эле күнүмдүк тиричиликте да ыңгай жаратат. Бул концепцияда «Акылдуу шаар» багытынын тармактары камтылган. Ага ылайык бул система транспорт, жарыктандыруу, окутуу сыяктуу бардык тармактарда колдонууну көздөйт.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!