Вице-мэр Татьяна Кузнецова жаңы окуу жылына кам көрүү максатында жыйын өткөрдү. Анда 4 маселе талкууланды, алар: мектеп мекемелерине кошумча курулуш; тийиштүү документтер; капиталдык ремонт каралган титулдук тизме жана окуу китептердин саны жана сапаты.

Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Александр Воротников билдиргендей, тизме боюнча 37 мектеп капиталдык ремонттон өтөт.  Оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат, ал эми кээ бир мектептерде оңдоо иштери аягына чыгып калды.Воротников кошумчалап кеткендей, каражатты унөмдүү колдонгондун натыйжасында  дагы бир мектептин түтүк түйүндөрүн оңдоого да мүмкүнчүлүк пайда болду.

Вице-мэр Татьяна Кузнецова иштин жагдайы менен таанышкан соң, иш кагаздары канааттандырарлык эмес деп белгиледи. Жетекчинин тапшырмасы боюнча  шаардын жер ресурстар башкармалыгы апта аягына чейин долбоордун документтерин толуктап иштеп чыкмай болду. Анткени кээ бир мектептерге кошумча имараттар салынат.    

Билим берүү башкармалыгына бул жылы канча китеп алыныш керек жана алардын  сапаты боюнча отчетту тез арада берүү тапшырмасы берилди.  

Маалымкат:  2019-2020-жылдары баш калаада Свердлов району боюнча 12 мектеп, 3 бала бакча, Ленинрайону боюнча 10  мектеп жана бир бала бакча, Октябрь району боюнча 4 мектеп, 10 бала бакча жана бир балдар чыгармачылык борбору, Биринчи май району боюнча  9 мектеп жана 1 бала бакча оңдолот.    

Бишкек – балдар үчүн сүйүктүү шаарыбыз!