“Бишкекжарыктандыруу” муниципалдык ишканасы чырактарды жаңылантуу иштерин улантууда. Жарыктандыруу иштери борбор көчөлөрү менен чектелбестен жаңы конуштар да да кызуу жүрүп жатат. Мисалы: Кара-Жыгач, Ак-Ордо, Калыс-Ордо конуштарында жарыктандыруу иши соңуна чыкты, аталган аймактарда зым тарткан бакандар орнотулуп, 442 заманбап светодиодтук чырак илинди. Бул иштер Таттыбүбү, Алтын-Казык, Ай-Көчө, Кырк-Кыз, Сарынжы-Бөкөй, Ак-Чөлмөк, Тыгылдыр-Тоо, Өмүрканов, Көк-Жар, Дордой, Субан-Ата, Ысык-Көл, Калыс-Ордо-11, 109,9,106, 5,101 жана Алтын-Ордо-1,2,3 көчөлөрүндө жүргүзүлдү. Эми жогорудагы айтылган аймактын тургундары кечки сейилге чыгып дем алса болот.

Мындан сырткары Шабдан-Баатыр көчөсүндө, Токомбаевтен баштап ЖБИ заводуна чейинки аралыкта жарыктандыруу иши жасалды.

Урматтуу шаардыктар! Эгер көчө чырактары боюнча арыз- суроо, сунуштар болсо «Бишкекжарыктандыруу» ишканасынын   диспечердик кызматына: (0312) 46-30-89, 57-63-51 номуру боюнча, ошондой эле WhatsApp (0777) 902-115 номуруна кайрылыңыздар. Азыркы учурда 4 ыкчам аракеттеги топ кызмат кылат. Ыкчам аракеттеги топтор катталган арыздарга оперативдүү түрдө чара көрөт.

Бишкек – сүйүктүү шаарым!