17-июлда Бишкек шаардык мэриясында  «Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык паспорт» маселеси тууралуу жыйын өткөрүлдү.

Иш-чарага вице-мэр Татьяна Кузнецова, социалдык суроолор боюнча министрдин орун басары  Ализа Солтонбекова,   «Инфоком» компаниясынын жетекчиси Рыскулбек Осмонов, район акимдери жана мэриянын кызматтарынын өкүлдөрү катышты.  

Долбоор Свердлов районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Свердлов районунун акимиаты жана «Инфоком» компаниясы менен биргеликте  иштелип чыккан. Анын максаты – социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын ишин жакшыртуу болуп эсептелет жана өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында жүрүүдө.

Долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн башкармалыкта жумушчу топ түзүлүп, анын максаты - арыз берүүчү тараптын социалдык төлөм алуу үчүн сарптаган чыгымдарын жана кетирген убактысын тактоо жана анализ жүргүзгөн.

Социалдык төлөмдүн  түрүнө жараша тийиштүү кагаздарды топтош үчүн бир нече инстанцияларга барып, кезекте туруп алуу  пенсионерлерге, согуш ардагерлерине, майыптарга окшогон  адамдарга бир топ оорчулук жаратат.

Мамлекеттик жана муниципалитеттик уюмдар ортосунда бирдиктүү системалаштырылган база түзүлсө, бир топ жеңилдик болот.

Система төмөндөгү функцияларды камтыйт:

- Аз камсыз болгон үй- бүлөлөрдүн арызын каттоо;

- Арыз берген тарап боюнча «КР Мамлекеттик каттоо органынан» жана “КР Социалдык фондунан» маалыматты ыкчам түрдө «Түндүк» онлайн системасынан алуу;

- субсидия жана жөлөк пул боюнча эсепти автоматташтыруу;

- жөлөк пул алуучулардын бирдиктүү базасын түзүү;

- отчёттор менен статистикалык маалыматтардын электрондоштурулган архиви;

Маалымат: 8-апрелден тарта Свердлов районунун «Социалдык өнүктүрүү башкармалыгында»,  долбоордун пилоттук түрү каралган, ал эми бүгүнкү күндө 3 тармак кошулган, алар: Мамлекеттик каттоо, Мамлекеттик салык кызматы жана Соц. фонд (ГРС, ГНИ, СоцФонд).

Бишкек – сүйүктүү шаарым!