Шаарыбыздын «Бишкекжылуулукэнерго коммуналдык ишканасы «Ротор» отканасы иштешин корей мамлекетинин «KWater» өкүлдөрүнө тааныштырды. Иштин жүрүшүндө корей өкүлдөрү, жылуулук энергиясы гелиоколлекторлор аркылуу  жүрүшүн талкуулашты.

“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишкананын жетекчиси Виктория Мозгачёва чет элдиктерге, бул долбоордун көп кырдуу артыкчылыгы бар экенин баса белгилеп, алар: экологияны сактоо, абанын тазалоо, жаратылыш газынын үмөндүүлүгү мисал катары келтирди.

«Ротор» отканасына 400 күн коллектор орнотулуп аянты 1000 м.кв. түзгөн жана кубаттуулугу орточо 600 кВТ. Түзүп,тиричиликте колдонуучу суунун температурасын жогорулатууда маанилүү экенин билдирди.

Бишкекжылуулукэнерго коммуналдык ишканасы 605 турак жайды, абоненттердин жалпы санынан 33 миң 189 адамды  жылуулук менен камсыз кылат.

Мындан сырткары  12 саламаттык сактоо объектилерин, 40 жалпы билим берүү объектилерин, 14 бала бакча, 8 жогорку окуу жай, 25 бюджет балансындагы имарат жана 212 башка статустагы кардарларды тейлейт. Ошондой эле шаардын батыш тарабы, Жал кичи району, Газгородок, Военный городок жана Совмин шаарчасы  «Бишкекжылуулукэнерго» тарабынан камсыз болуп келет.

Урматту шаар тургундары! Эгер «Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасына» суроо пайда болсо(0312)21-28-47 номерине кайрылыңыздар.

Бишкек – сүйүктүү шаарым!