Бишкек шаарынын мэриясынын райондук акимиаттары жарым жыл арасында жасалган иштери боюнча коллегия ѳткѳрдү.

Ленин районунун коллегиясыны аталган аймактын акиминин орун басары Чынасыл Чыныбаев, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Русланбек Жакышов,  мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери ѳткѳрдү.

Катышуучулар социалдык жактан маанилүү оорулардын алдын алуу чараларын күчөтүү зарылдыгын белгилешти. Жаңы окуу жылынын башталышына чейин мектептерге жана бала бакчаларга техникалык жабдыктарды жана эмерек сатып алуу үчүн ачык тендер өткөрүү чечимин кабыл алышты. Ошондой эле, акимдин орун басары мыйзамсыз иштеп жаткан сауналарды аныктоо үчүн чаралар көрүүнү тапшырды.

Свердлов районунун  коллегиясы  Бишкек шаарынын мэриясынын  аппарат жетекчиси  Балбак Түлѳбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Адиса Имангазиеванын катышуусу менен ѳттү. Белгилей кетсек,  Адиса Имангазиева «Аз камсыз болгон үй-бүлѳгө социалдык паспорт” долбоорун ишке ашырууда жардам берген.
Кошумчалай кетсек, бир гана Сведлов районунда салык тѳлѳмдѳр боюнча план ашыра аткарылган.

Биринчи май районунун коллегиясы Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиевдин катышуусу менен ѳтүп, МАБдардын жана кызматтардын жетекчилерине жарнамаларды Республикасынын «Мамлекеттик тил жѳнүндѳ» мыйзамына  ыйлайык  оңдоп чыгууга тапшырма берилди.

Октябрь районунда  да аким  Максим Ситниковдун катышуусу менен коллегия ѳттү. Анда «Коопсуз кичирайон» долбоорун ѳнүктүрү маселеси талкууланды.  Камералар Асанбай, 11- , 12- кичи райондорунда  орнотулат. Мындан тышкары, катышуучулар БУУӨПтүн "Коопсуз жаңы конуш" долбоорун колдоп, "Рухий Мурас" жаңы конушунда биринчи болуп камералар орнотулмай болду. Белгилей кетсек,  камералар мектептерде, бала-бакчаларда 90 % орнотулду, калганы жылдын аягына чейин толукталат. Мындан улам, аталган район санариптешүү боюнча биринчи орунга ээ болду.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!