Бишкек шаарынын тургуну Евгений Николаев «Тазалык» муниципалдык ишканасынын айымдарына ыраазычылыгын айтып, гүлдестелерди белек кылды.

Анын айтымында: “Менин жашоомдун философиясы –  адамдарга жардам бергенге мүмкүнчүлүгүң бар болсо, жардам бер! Жашоолорун көрккө бөлөгөнгө мүмкүнчүлүгүң бар болсо, аны да кыл!»

Евгений Николаев мырза 45 жылдан бери гүлдѳр менен алектенет. Ар дайым айымдарга гүлдестелер менен ыраазычылыгын билдирет.

Биз Евгений Дмитриевичке чын жүрѳктѳн ыраазычылыгыбызды билдиребиз! Кѳп жашаңыз!

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!