Бишкек шаарында болуп өткөн окуялар баш калаабызга бир топ чыгымдарды алып келди. Бирок, кабатыр болбоңуздар, биз баардыгын ордуна келтирип, оңдоп жатабыз.

Шаар боюнча Раззаков жана Панфилов көчөлөрөнүн кесилишинде орун алган 3 таштанды контейнер өрттөлүп, 84 темир тосмолор сынган. Ал эми Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде “Коопсуз шаар” камералары талкаланган.

«Ала-Тоо» аянтында жашыл арча дарагы өскөн бетон тумбалардын жыгач жасалгалары сынып, гүлдөр тебеленип, 6 фотостенддин айнеги  жана тротуарлардагы брусчатка талкаланган.

Шабдан Баатыр  (Көк-Жар кчр.) көчөсүн бойлой 25 метрлик аралыкта темир коргондор бузулган.

Биз К.Кожомкул атындагы Спорт Ордосунун жанындагы таштандыларды азыркыга чейин чыгарып жатабыз.  Учурда чыгарылган таштандынын көлөмү 4 кб.м түздү. Ошондой эле, өрттөлгөн таштанды челектерди, контейнерлерди жана жыгач вазондорду оңдоп жатабыз.    

Белгилүү болгондой, мэр А.Суракматов укук коргоо органдарына жардамга жүргүнчү ташуучу автобустарды жөнөткөн.  Түнкү окуялардын натыйжасында 29 даана эски муниципалдык автобустун терезелери, күзгүлөрү талкаланган, бир тобунун темиркаркасы кыйшайып калды.  

Борбор калаабыздан калган районундорунда муниципалдык мүлк жабыркаган эмес. Шаар ичинде абал туруктуу.  

Учурда талкаланган жана өртөлгөн муниципалдык мүлктүн чыгымдары саналууда.  

Ардактуу шаардыктар! Тынчтыкты жана тартипти сактоону суранабыз!

Өтүнүч, шаардыктардын мүлкүнө аяр мамиле жасап, аларды калыбына келттирүу үчүн кошумча адам ресурстары жана каражат кетээрин унутпайлы!

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!