Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун жаңы конуштардын тургундары менен күзгү жана кышкы жолугушуулардын жыйынтыгы катары шаарда инфраструктурасынын ѳнүүгү иштери уланып жатат.

“Ак-Ордо” конушунда магистралдык канализациялык түйүндөрдү куруу иштери башталды.

Ага ылайык Долон-Бий, Каркыра, Тагай-Бий, Ахунбаев, Өмүр кѳчѳлөрүндө жашаган 13 миңден ашык 3989 үйдүн жашоочусу централдык канализацияга кошула алат.

Куруу иштерин «НАК-СТРОЙ» ишканасы алып барууда. Түйүндөрдүн жалпы узундуну 8,7 км түзөт. Куруу иштери 30-ноябрь 2019-жылга чейин жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, азыркы убакытта биз борбордук канализацияга "Ак-Тилек", "Ак-Босого" конуштарын кошуп жатабыз.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!