Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы мыйзамсыз курулуштарды түртүрүү иштерин жана муниципалдык жерлерди каттоо иштерин улантып жатат.

Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде, биз "Тынчтык" жаңы конушунда мыйзамсыз курулган үйдү түрттүрдүк.

"KG Групп" курулуш ишканасы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, узундугу 55 метр болгон  муниципалдык жерде жайгашкан тосмону алдырдык.  Аталган ишкана тосмону ѳз ыктыяры менен алды.

Жибек-Жолу проспектисинен башталган Жумабек кѳчѳсүнө чейинки Исанов кѳчѳсүнүн бөлүгүндө мыйзамсыз орнотулган 4 метр тосмо да алынды.

Учурда вице-мэр Азизбек Алымкуловдун буйругу менен биз Аламедин дарыясынын боюндагы Т. Айтматов кѳчѳсүндѳгу жана №66-мектептин айлынасында орнотулган дүкөндөрүн мыйзамдуулугун текшерип жатабыз, ошондой эле Мамбетов кѳчѳсүндѳ курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн жана Т. Айтматов көч. менен Мамбетов кѳчѳсүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан 2 башка объекттин мыйзамдуулугун текшеребиз.

Ошондой эле, жер пайдалануу жана куруулуш башкармалыгынын кызматкерлери муниципалдык жерлерди каттоо  иштерин улантып жатат. Биз Биринчи май районунун №16-МАБдын, Октябрь районунун № 8,9, 10-МАБдарын текшерип жатабыз.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!