Вице-мэр Татьяна Кузнецова,  акимдер, муниципалдык аймыктык башкармалыктардын жетекчилери, борбордук милициянын кызматкерлери жана коомдук ишмер Феликс Кулов менен биргеликте жыйналыш ѳткѳрдү.

Жолугуушуда акимиаттардын жана шаардыктар менен иштешүүсүн күчѳтүү маселесин талкууланды.

Ошондой эле, адистерден кеңеш жана юридикалык жардам алууга, консультация бѳлмѳлѳрүн ачуу сунушталды. Анткени, кѳпчүлүк калк, өзгөчө кырдаалда  өзүн жана ѳзүнүн мүлкүн кантип коргош керек экенин билбейт.

Урматтуу шаардыктар! Силерди мыйзамсыз жана шектүү акцияларга катышпаңызды өтүнөбүз.

Район башчылары укук коргоо органдары менен биргеликте ѳзүнүн жумуш ордунда турушат.

Сиздерден тынчтыкты сакталышын суранабыз! Кандайдыр бир чагымчылыкка шектенсеңиз, Бишкек шаарынын ГУВД 0708102000 WhatsApp-каналына же Бишкек шаарынын мэриясынын 0554182185 WhatsApp-каналына кайрылсаңыздар болот.