Бишкек шаарынын китепканалары жайкы эс алуу учурунда “Китеп менен эс алабыз” деген темада  шаарыбыздын гул бакчаларында атайын окурмандар үчүн акция уюштурду. Китепке кызыккан баардык шаардыктарды 29-августка чейин баш калаанын сейил бактарында күтөбүз. Ж.Турусбеков атындагы № 2- китепкана Жаш Гвардия бульварында балдарга жайкы эс алуу убагында китеп окуу боюнча "Китеп - алтын казына " деген темада  көргөзмө уюштурду. Китеп адамдын аң-сезимин кеңейткен, мурастарын чоңойткон ааламдын ачкычы.   Ошондой эле Ч. Айтматов атындагы № 1 - китепкана Эркиндик бульварында окурмандар үчүн жогоруда айтылган акцияны улантышты. Бул иш чарага китепкана тарабынан Ч.Айтматовдун чыгармалары жана балдарга арналган китептер коюлду.

Бул иш-чаранын негизги максаты өсүп келе жаткан кичинекей муундарды китеп окууга үйрөттүү жана туура тарбиялап ар тараптан өнүктүрүү.