“Тазалык” ишканасынын кызматкерлери кызматта. Бул жолу, алар   Жибек-Жолу проспекти менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жол боюнча төгүлгөн сырды тазалап чыгышты.

Учурда жолду тазалап койдук, алгач 4 мүшөк кумду төгүп, анан эс алуу күндөрү кол менен жолду тазалап чыктык.

Белгилүү болгондой 27-сентябрда, жума күнү, ичинде чакаларга куюлган сыр салынган микроавтобус жолдон катуу токтоп, машиненини ичиндеги сыр жерге төгүлүп кеткен.

Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери маршруттук автобусту айып тарткан унаалардын токтоочу жайына алып кетип, протокол жазылып, айдоочуга 20 миң сомдук айыппул жазылды.    

Ардактуу шаардыктар! Сиздерден жол эрежесин бузбастан, шаар кызматтарынын эмгегин баалоо менен бирге тазалыкты сактооңуздарды  өтүнөбүз.  

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!